Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Клооп: Райымбек Матраимов жаңы пентхаус сатып алды


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварынан жанындагы көп кабаттуу үйдөн пенстхаус сатып алды. Бул тууралуу "Клооп" сайты жазды.

"Клооп" менен OCCRP (Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору) ушул жылдын 22-апрелинде, Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварында жайгашкан, чатырында таажысы бар элиталуу үйдөн жаңы пентхаус сатып алганын аныктаган.

“Клооп” пентхаус канчага алынганы азырынча белгисиз экенин, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр болгон ошондой эле батирдин баасы 200 миң доллар турарын жазат.

Батирге мурда Айбек Абдуллаев аттуу адам ээлик кылган. Ал кезде пентхаус бир жыл бою Бишкектин Ленин райсотунун чечими менен камакта турган. Камактан алынгандан үч күн өтпөй Матраимов бул апартаментти сатып алган.

“Абдуллаев жөнүндө азырынча маалымат жок. Байланышууга да мүмкүн болгон эмес. Бишкектин Ленин райсоту батир эмне себептен камакка алынганын дагы түшүндүрүп бере алган жок. Матраимовдун өкүлү комментарий берүү тууралуу суранычыбызга жооп берген жок”, - дейт “Клооп” сайты.

Быйыл Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин өзү сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары 2 миллиард сом төлөп берип, жазадан кутулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча кайрадан иш козгоп, 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Эл арасында “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомчулукта аты атала баштаган. 2015-жылы алгачкылардан болуп “Азаттык” радиосунда “Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры” деген макала жарык көрүп, анда бажыдагы коррупциялык иштер тууралуу азыноолак кеп болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG