Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Протасевичтин "күнөөсүн мойнуна алганын" айткан видео көрсөтүлдү


Камактагы журналист Роман Протасевич. Видеодон алынган кадр.
Камактагы журналист Роман Протасевич. Видеодон алынган кадр.

Беларус мамлекеттик телеканалы бейшемби күнү кечинде камактагы Роман Протасевич менен маекти көрсөттү. ОНТ каналынын обосунан кеткен баарлашууда журналист калайман башаламандык уюштурганын "мойнуна алган". Бул видео качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз.

Протасевич 23-майдан бери Минскидеги убактылуу кармоочу жайда отурат. Оппозиция өкүлдөрү, Романдын ата-энеси жана анын тарапташтары журналист баарын аргасыз, кыйноого дуушар болгондон кийин айтып жатканына ишенет.

Видеодо NEXTA телеграм-каналынын мурдагы башкы редактору ага «уруксатсыз акцияларды уюштурган» деген берене боюнча айып тагылары менен эле күнөөсүн «мойнуна алганын» айткан.

«Мен жана башкалар жасаган чакырыктар көчөлөрдө чектен чыккан башаламандыктардын башталышына түрткү болгонун түшүнүп турдум. Чындыгында үч күн Минскиде хаос болду», - дейт Протасевич.

Ал беларус оппозициянын бир катар өкүлдөрүн сынга алып, Александр Лукашенкону «сыйларын» айтты.

23-майда беларус бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген жалган шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын камаган. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун бул аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG