Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Чикагодо "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү акцияга чыгышты


"Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү Чикагодо акцияга чыгышты.
"Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү Чикагодо акцияга чыгышты.

АКШнын Чикаго шаарында жашаган "Сапат" билим берүү мекемесинин ондогон бүтүрүүчүлөрү төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан аталган окуу жайдын түптөөчүсү Орхан Инандыны табууну талап кылып, нааразылык акциясына чыгышты.

Алар "Орханга эркиндик", "Кыргыз мугалимине жардам", "Инанды кайда?" деген англис тилиндеги жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

"Орхан агайдын Кыргызстандын жаңы муунун билим алуусу үчүн жасаган эмгеги зор. Кыргызстандын келечеги үчүн чейрек кылымдан бери эмгектенип келет. Чындап издешсе, ушул күнгө чейин табылмак. Биз анын табылышын талап кылабыз",-деди акцияга катышкандардын бири.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG