Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстан-Монголия футбол беттеши: эсеп 0-1


Кыргызстандын улуттук курама командасы. Оюн алдында тартылган сүрөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасы. Оюн алдында тартылган сүрөт.

Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинин экинчи таймы башталды.

Монголиялык футболчулар кыргызстандык атаандаштарын утуп жатат. Беттештин 33-мүнөтүндө кыргызстандык футболчулар дарбазасына монголиялыктар багыттаган топту өткөрүп алды.

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешип жатат.

Бишкек убактысы менен саат 13:00дө башталган оюн 50 миң көрүүчүгө ылайыкталган “Нагаи” стадионунда өтүүдө.

Жапон өкмөтүнүн ковидге каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон. Учурда дарбазаны коргоочу Айзар Акматовго кайтарууда.

Атаандаштар буга чейин бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Анда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG