Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Осмоналиев: парламенттик шайлоо 2022-жылы жазында өтүшү мүмкүн


Буга чейинки шайлоолордун биринде тартылган сүрөт.
Буга чейинки шайлоолордун биринде тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2022-жылдын жазында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтты.

"Мен билгенден Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат. Ал азыр комитеттерде каралууда, биринчи окуудан да өтө элек",- деген Осмоналиев шайлоону кандай системада өткөрүү да белгисиз экенин билдирди.

Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынгандан кийин президенттин жарлыгы чыгып, шайлоонун датасы аныкталат.

7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2021-жылдын 31-октябрында өтүшү ыктымалдыгын "Телеграмдагы" каналына жарыялаган.

Кыргызстандын жаңы кабыл алынган Баш мыйзамына ылайык, парламенттеги депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылат. Мамлекет башчы түзгөн жумушчу топ алардын 55ин партиялык тизме, калган 35ин бир мандаттуу округдан шайлоо сунушун берген.

Кыргызстанда парламент депутаттары беш жылга шайланат. Азыркы 6-чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү 2020-жылдын соңунда аяктаган. Бирок бийлик алмашуу жана коомдук-саясий жагдайдан улам ишин улантууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG