Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Чүйдө шамал үч мектептин чатырын учуруп кетти


Москва районунун Ак-Торпок айылындагы Ленин орто мектеби. 8-июнь, 2021-ж.
Москва районунун Ак-Торпок айылындагы Ленин орто мектеби. 8-июнь, 2021-ж.

8-июнда кечке жуук болгон шамал Чүй облусундагы үч мектептин чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Москва районунун Александровка жана Ак-Торпок айылдарындагы, Сокулук районунун Новопавловка кыштагындагы мектептер зыян тартты. Ошондой эле бир катар жеке имараттардын чатырларын да шамал алып кетти.

Бишкек шаарында дарактар, жарнама калканы кулап, автоунааларга, электр зымдарына зыян келтирди.

Ушул күнү катуу жаандан улам Нарындын Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы үйлөрдүн короолорун суу каптады.

7-июнда Баткен облусундагы бир катар айылдарда турак-үйлөрдүн чатырын шамал учуруп кеткен. Жумгалда жаандан улам жолдорго шагыл толуп калган.

Тазалоо жана чыгымдарды тактоо уланууда. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG