Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Жалал-Абадда кыргыз-өзбек бизнес форуму болот


Өзбекстандан келген делегациянын Жалал-Абадга сапарында тартылган сүрөт. 9-июнь, 2021-жыл.
Өзбекстандан келген делегациянын Жалал-Абадга сапарында тартылган сүрөт. 9-июнь, 2021-жыл.

Жалал-Абад шаарында 10-июнда кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу облустук бийлик билдирди. Ага катышуу үчүн 9-июнда Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжан Абдыразаков баштаган делегация келди. Бизнес форумга Жалал-Абад жана Наманган облустарынан 100гө жакын ишкер катышат.

Кыргыз-өзбек алакасын жакшыртуу боюнча март айындагы өлкө президенттеринин Ташкенттеги жолугушуусунда макулдашылган. Анын алкагында облус башчылары да кызматташуу боюнча 22 пункттан турган "Жол картасына" кол коюшкан. Ага соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык, маданият жана туризм тармактары камтылган. Буга чейин Жалал-Абад облусунан атайын делегация Наманганга барган.

Өзбекстандын Наманган облусу менен Кыргызстандын Ала-Бука, Аксы райондору чектешет. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG