Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Инвестициялар министрлигине өттү


Инвестициялар министрлигинин имараты
Инвестициялар министрлигинин имараты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Инвестициялар министрлигинин жобосун бекитти. Ага ылайык министрликтин курамына бир канча мамлекеттик мекемелер кирди.

Жаңы жобого ылайык, министрлик инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу, эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгууга жооптуу болот.

Мындан тышкары министрликтин карамагына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду, Банкроттук иштер боюнча департамент жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемеси өткөрүлүп берилди.

Токтом президент Садыр Жапаровдун 5-майдагы “Министрлер кабинети” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. Инвестициялар министрлигин Алмамбет Шыкмаматов жетектейт. (МТа)

XS
SM
MD
LG