Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

"Чоң Жети" башка өлкөлөргө бир миллиард доза вакцина бериши мүмкүн


Кошмо Штаттар алдыдагы эки жылда "Pfizer/BioNTech" вакцинасынын 500 миллион дозасын 100 чакты өлкөгө таратып берүүнү пландоодо. Бул тууралуу президент Жо Байден 10-июнда "Чоң Жетинин" саммитин утурлай билдиргенин маалымат каражаттары жазышты. Бийик деңгээлдеги жолугушуу апта соңунда Англияда өтөт. Бай мамлекеттер COVID-19га каршы вакцина тегиз бөлүштүрүлбөйт деген кысымга туш болуп келатышат.

Bloomberg News агенттиги "Чоң Жетинин" жыйынында кабыл алынат деген документке шилтеме берип кабарлагандай, лидерлер эмки жылы жакыр өлкөлөрдү бир миллиард доза вакцина менен камсыздоо планын жарыялашат.

АКШ жана Европа ушу тапта эмдөө аркылуу эпидемияны ооздуктап келатышат.

Кээ бир маалыматтарга караганда, "Pfizer/BioNTech" Кошмо Штаттарга өз препаратын төмөн баада сатат. Вакциналар эл аралык COVAX программасы аркылуу бөлүштүрүлмөкчү.

Бир нече күн мурун Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристалина Георгиева эмдөө элдин саламаттыгын коргоодо гана эмес, экономиканы көтөрүү үчүн да маанилүү экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG