Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Опера жана балет театрынын жети артисти иштен кетти


Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы балет артисти Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат.

Дооматтар тууралуу Нуртазин кийинчерээк комментарий берерин айтты. Аталган театрдын директору Керим Турапов артисттердин иштеши же иштен кетүүсү өз эрки экенин билдирди.

Кыргызстандык артисттер буга чейин март айында билети кымбат коммерциялык спектаклдерден алар эч кандай акча албай турганын, бекер иштеп келатканын айтып, нааразылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. (MZh)

XS
SM
MD
LG