Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Жогорку Кеңешке талапкер аялдардын квотасын көбөйтүү сунушу талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоодо аялдардын квотасын азыркыдан да көбөйтүү сунушталууда. Бул тууралуу 15-июнда Бишкекте аялдардын шайлоо укуктарына арналган “Мен лидер аялмын” жыйынында сүйлөп жатып Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңешке пропорционалдык система боюнча шайлоодо "ар бир үчүнчү депутат аял болушу керек" деген норма камтылган мыйзам долбоору азыр коомдук талкуудан өтүп жатат. Буга чейин ар бир төртүнчү деген талап болчу.

Быйыл Кыргызстанда 11-апрелде өткөн шайлоодон кийин жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 11 пайыздан 38 пайызга чейин өстү. Буга 2019-жылы айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам кабыл алынганы шарт түздү.

Шайлоодон кийин айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган.

Жогорку Кеңешке соңку шайлоо 2020-жылы октябрда өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгондордун акциясы шайлоонун жокко чыгарылышын жана өлкөдө бийликтин алмашуусун шарттаган. Кайра шайлоо качан болору азырынча айтыла элек. Мыйзамда Жогорку Кеңеште аялдар 30 пайыздан кем болбошу тууралуу норма камтылганы менен бул талап иш жүзүндө толук аткарылбайт. (SA)

XS
SM
MD
LG