Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Ryanair компаниясынын жетекчиси аба мейкиндикти саясатташтырбоого чакырды


Майкл О`Лири
Майкл О`Лири

Ирландиялык Ryanair авикомпаниясынын аткаруучу директору Беларустун үстүнөн учууларга узак мөөнөткө тыюу салууга каршылыгын билдирди.

Майкл О`Лиринин айтымында, 23-майда Афины-Вильнюс каттамындагы учакты жалган себепке таянып, күчтөп Минскиге кондурууда “авиациянын бардык эл аралык мыйзамдары бузулганын” айтып, бирок Беларустун “аба мейкиндигин саясатташтыруу” кооптуу экенин эскертти.

Бул тууралуу О`Лири 15-июнда британ парламентинин транспорт комитетиндеги угуулар маалында билдирди.

Вильнюска бараткан учак истребителдин коштоосунда кондурулгандан кийин жүргүнчүлөрдүн бири - оппозициялык журналист Роман Протасевич камакка алынган. Минск бортто бомба бар деген эскертүү келгенин айткан. Кийин ал маалымат жалган болуп чыккан.

Ошондон кийин Британия жана Еврошаркет учактарына беларус аба мейкиндигин кыйгап учуу көрсөтмөсүн берген, мамлекеттик “Белавиа” компаниясынын учактарына биримдиктин аэропорторуна конууга тыюу слаынган.

О`Лири мындай чара “узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга, тармактын жана жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыктарына төп келбесин” белгиледи. Мисал катары ал Азияга бет алган британ учактары эми Беларусту айланып учууга аргасыз экенин айтты.

Беларустун Лондондогу элчиси комитеттин угууларына катышуу чакыруусун четке какты. Бирок билдирүүсүндө Британиянын “Белавианын” иш алып баруу уруксатын алып салуу чечимин сындады.

Сөз болгон учактын багытынын өзгөрүшүн БУУнун Жарандык авиация уюму да иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG