Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Адвокат: Күбөлөрдүн көбү Курсан Асановду актаган көрсөтмө берүүдө


Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.
Курсан Асанов. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү аны актаган мазмунда болууда. Бул тууралуу 16-июнда “Азаттык” радиосуна Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, соттук териштирүү азыр күбөлөрдү суроо стадиясында. Жалпысынан күбөлөрдүн 70 пайызга жакыны суралып бүттү:

“Бардык күбөлөр ошол кездеги тергөө таза жүрбөгөнүн айтып жатышат. Курсан Асановдун кызыкчылыгын коргогон жооптор болуп жатат негизи”.

Асановго карата үч кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында билдирген.

Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту буларды бир ишке бириктирип, чогуу карап карап жатат.

Быйыл январь айында Асановго «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган.

Асанов азыр үй камагында. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG