Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Эми "Манас" аэропортунан ПЧР тестти күнү-түнү тапшырса болот


“Манас” эл аралык аэропорту
“Манас” эл аралык аэропорту

“Манас” эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштеп баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.

“Манас” эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG