Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Жээнбековдун адвокаты өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди


Давран Касымов
Давран Касымов

Экс-спикер Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымовго “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Касымов "Азаттыкка" билдирди.

Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 28-августка чейин үй камагына алды.

Давран Касымов айтуусунда, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы бир жарым жыл мурун кыскартылган кылмыш ишин кайра козгогон.

"Соттун токтомунда ишти кайра козгогонго болбойт деп жазылып турат. Сот аны көрүп таң калып жатат. Тергөөчү дагы аны билбегенин айтып жатат".

Адвокат ага каршы Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын мурдагы кызматкери, Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон Каныбек Туратов аттуу адам акча алып бербей койду деп арызданганын кошумчалады.

Давран Касымов 31-майда "Кумтөр иши" боюнча эки айга камалган экс-спикер Асылбек Жээнбековдун адвокаты.

ИИМ анын айткандары тууралуу маалымат бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG