Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

COVID-19: Гонконг Британия менен аба каттамын токтотту


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Австралияда коронавирустун "дельта" түрү жайылып жатканынан улам дагы эки шаарда чектөөлөр киргизилди. Буга чейин өлкөдөгү Сидней жана Дарвин шаарлары карантинге жабылса, бул жолу ага Перт жана Брисбен шаарлары да кошулду.

Ал эми Гонконг вирус жугузгандар көбөйгөнү үчүн Британиядан аба каттамдарын токтотту. Британияда коронавирустун дельта вариантын жугузгандар өсүп жатканы менен бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид бардык чектөөлөр 19-июлдан тарта алынарын билдирди.

Ал парламентте сүйлөп жатып, учурда өкмөт өлкөдөгү жашы жеткен адамдардын үчтөн экиси вируска каршы эмдөөнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.

Британияда акыркы аптада чектөөлөр жумшарган соң коронавирус жугузгандардын саны кескин өсүп кетти. Жаңы жугузгандардын 90 пайыздан ашыгы вирустун дельта түрү болууда. Окумуштуулар коронавирустун бул түрү мурдагыларга караганда тез жайыларын айтышууда.

Германияда да COVID-19 вирусунун дельта варианты соңку жумаларда көбөйүп кетти. Ал эми Италия болсо мындан ары ачык аянттарда милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежесин жокко чыгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG