Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

"Токтогулда" суунун көлөмү 11 млрд. кубдук чектен жогорулады


“Токтогул” ГЭСин суу менен камсыздаган суу сактагыч.
“Токтогул” ГЭСин суу менен камсыздаган суу сактагыч.

“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 1-июлуна карата 11,084 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасы кабарлады.

2020-жылдын ушул датасындагы суу кампадагы көрсөткүч 13,482 млрд. куб метр болгон. Башкача айтканда бир жыл мурункуга караганда суу 2,3 млрд. куб метрге аз.

Расмийлер табигый себептен улам суунун толушу бир-эки жылдан бери кемип жатканын айтууда. Быйыл кыштан болгону 8,6 млрд. куб көрсөткүч менен чыккан.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги бул кризистен чыгуу үчүн быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт муну үч жыл ичинде жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек.

Кыргызстанда жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлсө, анын жарымына жакынын “Токтогул” ГЭСи чыгарат.

Расмий маалыматтарга ылайык, аталган суу сактагычка 19,2-19,6 млрд. куб метрге чейин суу чогулат. 2007-2008-жылдары “Токтогулдагы” суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскертет. (ErN)

Түз линк

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG