Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Акча талап кылууга шектелген журналист акталды


Шектүү кармалган учурда тартылган сүрөт. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).
Шектүү кармалган учурда тартылган сүрөт. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).

«Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова соттон акталганын аталган басылма кабарлады.

Маалыматка ылайык, журналисттин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап, кылмыштын курамы жок болгондуктан актоо чечимин чыгарган.

23-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) журналист Үмүт Мукамбетова 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.

Мекеме агенттиктин жетекчиси Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектелип жатканын маалымдаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG