Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Коронавирустан дагы тогуз адам көз жумду, 1437 учур жаңы катталды


Коронавирусту аныктаган лабораториялардын бири.
Коронавирусту аныктаган лабораториялардын бири.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады.

Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам.

2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду.
Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды.

Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте.

2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди.

Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG