Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Коронавирус беш күндө 45 кишинин өмүрүн алды


Бишкектеги эмдөө өнөктүгү.
Бишкектеги эмдөө өнөктүгү.

Июль айынын алгачкы беш күнүндө эле коронавирустан 45 адам көз жумду. Каза болгондордун басымдуусу баш калаа Бишкекте катталууда.

Азыркы тапта 15 миңден ашуун адам ооруп жатат. 4 126 киши ооруканада. 176 кишинин абалы өтө оор экени расмий маалыматта айтылды.

Бишкекте вирусту дарылоо үчүн кошумча стационарлар ачылды.

Бир суткада 1 437 адамда оору жаңы аныкталды. Вирусту жуктургандардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте. Жалпы ооругандар 2020-жылдын март айынан бери 132 070 деп эсептелди.

Адистер азыр Кыргызстанда вирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын эскертишүүдө.

Өлкөдө 100 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Кытайдан дагы 1,1 млн. доза вакцина келери күтүлүүдө.

COVAX тутуму менен AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери да айтылган. Бийлик калкты жапырт эмдөө үчүн 815 миллион сом бөлдү.

Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда базар, соода борборлорунда да кошумча эмдөө жайлары ачылары кабарланды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG