Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Камчатка: кулаган учактын калдыктары табылды


Камчатка. Ан-26 учагы кулаган жээктин көрүнүшү. 6-июль, 2021-жыл.
Камчатка. Ан-26 учагы кулаган жээктин көрүнүшү. 6-июль, 2021-жыл.

Куткаруучулар тобу Петропавловск-Камчатка - Палана багыты боюнча учуп баратып, кулаган жүргүнчү ташыган Ан-26 учагынын калдыктарын табышты.

Алдын-ала маалыматтар боюнча авиакырсыктан аман калгандар жок.

Учак Палананын аэродромунун учуп-конуу тилкесине 4-5 чакырым жетпей, Камчаткадагы Охот деңизинин жээгине кулап түшкөн.

Куткаруу иштери ландшафттын географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу бир кыйла татаал болгон. Жалпысынан 26 куткаруучу жеринде издөө иштерин жүргүзгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

6-июлда Петропавловск-Камчатка - Палана багыты боюнча учкан жүргүнчү ташыган Ан-26 үлгүсүндөгү учак байланышка чыкпай, радарлардын экранынан жоголгон.

Учактын ичинде 22 адам болгон. Алардын арасында бир жаш бала жана экипаждын алты мүчөсү да бар. Кулаган учакта Палана шаар тибиндеги поселогунун башчысы Ольга Мохирева да болгону ырасталды.

Учактын кулашына учкучтардын катачылыгы, техниканын иштебей калышы же аба ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG