Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Токиодо Олимпиаданын алдында чектөөлөр күчөтүлөт


Токио шаарындагы стадион.
Токио шаарындагы стадион.

Жапония COVID-19дун жайылышын алдын алуу үчүн кошумча чараларды көргөнү жатат. Жапон медиасы кабарлагандай, баш калаа Токиодо бир нече аптадан кийин баштала турган жайкы Олимпиаданын алдында чукул кырдаал киргизилиши мүмкүн.

Бейшемби күнү жапон өкмөтү Токиодо чектөөлөрдү күчөтүү боюнча планын сунуштады.

Олимпиаданын уюштуруучулары 8-9-июлда жыйынга чогулуп, анда стадиондорго көрүүчүлөрдү киргизбөө чечимин кабыл алары күтүлүүдө. Буга чейин чет өлкөдөн келген адамдарга оюндарды стадиондун ичинде көрүүгө тыюу салынган.

Токиодогу Олимп оюндары былтыр жайында өтүшү керек эле. Коронавирустун айынан бир жылга кечеңдеген. Дүйнөлүк мелдештер Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөнү жатат.

Жапонияда чектөөлөр дүйнө жүзүндө, өзгөчө Азия өлкөлөрүндө коронавирустун адеп Индияда табылган "дельта" варианты тездик менен жайылып жаткан учурга туура келүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 7-июлда билдиргендей, пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен көз жумгандардын ырасталган саны төрт миллион кишиден ашты. Бирок уюмдун адистеринин айтымында, вирустун курмандыктарынын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG