Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Чоң-Алайда Польшадан келген альпинист көз жумду


Ленин чокусу.
Ленин чокусу.

Польшанын жараны, 50 жаштагы Петр Бернхард 7-июль күнү, таңга жуук Ленин чокусунан түшүп келе жатып каза болгон. Маркум 5100 метр бийиктикте жүрөгү кармап көз жумганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.

Бернхард 2-июль күнү альпинисттердин лагерине дагы бир мекендеши жана орусиялык 12 альпинист менен келген. Алар эки күн лагерде болуп, 4-июль күнү 440 метр бийиктикке чыгышкан.

6-июлда 4800 метрге чейин чыгып, 7синде 5100 метрге чейин көтөрүлүшкөн. Кайра төмөндөп жатканда топ башында бараткан Бернхард өзүн жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу жардам берген эмес.

Маркумдун сөөгү Ош шаарына жеткирилди, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

Ленин чокусунда 2019-жылы 5000 метр бийиктикте орусиялык альпинист каза болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG