Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

"Реформа" партиясы Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт


"Реформа" партиясы 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партия "Фейсбуктагы" расмий баракчасында билдирүү таратып, саясий өнөктүктө айрым партиялар добуш сатып алганын, админстративдик ресурс колдонулганын жүйө келтирди.

"Реформа" Борбордук шайлоо комиссиясын жана башка компетенттүү органдарды шайлоодогу мыйзам бузууларды тыкыр иликтөөгө чакырды. Бирок партиянын билдирүүсүндө кайсы партиялар мыйзам бузганы ачык көрсөтүлгөн жок.

"Туран" партиясынын өкүлдөрү да шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШКнын имаратынан алдында каршылык акциясын өткөрүштү.

Бишкектеги шайлоого 18 партия ат салышып, баштапкы жыйынтыкта алтоо утуп чыкканы расмий кабарланды. Алар "Эмгек", "Ата-Журт-Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" жана Социал-демократтар партиялары.

"Реформа" партиясы 6% жакын, "Туран" 0,38% добуш алган.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG