Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Түркмөнстан: Президенттин уулу вице-премьерликке дайындалды


Сердар Бердымухамедов
Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалды. 39 жаштагы кенже Бердымухамедов экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча байланыш тармагын тейлейт. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Гурбангулы Бердымухаммедов өз уулунун макамын көтөргөнүн өкмөттүн 9-июлдагы кеңейтилген жыйынында жарыялады.

Сердар Бердымухамедов акыркы жарым жыл ичинде экинчи жолу кызматтан көтөрүлүп жатат. Ал быйыл февраль айында эле социалдык маселелер жана санариптештирүү боюнча вице-премьер-министр жана Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы болуп иштей баштаган.

Гурбангулы Бердымухамедов соңку беш жылдан бери уулун улам бир кызматка дайындап келе жатат. Ал парламентке депутат, тышкы иштер министринин орун басары, баш калаа Ашхабад шаары жайгашкан ири Ахал облусунун губернатору, өнөр жай жана курулуш министри да болуп иштеди. Расмий басылмалар аны "элдин уулу" деп даңазалап жазып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG