Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кытайда мейманкана урап, тогуз адам каза болду


Куткаруучулар мейманкананын урандыларынын алдынан жабыркагандарды издеп жатышат. Кытай. 12-июль, 2021-жыл.
Куткаруучулар мейманкананын урандыларынын алдынан жабыркагандарды издеп жатышат. Кытай. 12-июль, 2021-жыл.

Кытайдын Сучжоу шаарында мейманкана урап, кеминде сегиз киши көз жумду, он чакты адамдын дайыны белгисиз. Аларды издеп, куткаруу иштерине атайын техника, иттер тартылды.

Бийликтин маалыматына караганда 12-июль күнү мейманкана күтүлбөгөн жерден урап калган. Ага эмне себеп болгону белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

15тей адам ооруканага жеткирилгени кабарланды. Өлкө чыгышындагы Жиаңсу провинциясынын бийлиги башка мейманканалардын коопсуздугун текшерүүнү буйруду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG