Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

COVID-19: Орусияда бир суткада 780 адам каза болду


Коронавируска чалдыккан бейтапты сүйрөп бараткан медкызматкер. 2-июль, 2021-жыл. Москва.
Коронавируска чалдыккан бейтапты сүйрөп бараткан медкызматкер. 2-июль, 2021-жыл. Москва.

Орусияда соңку 24 сааттын ичинде коронавирустан 780 адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч.

Коронавируска каршы борбордун маалыматына ылайык, 25 миңдей адамдан вирус жаңы аныкталды. Анткен менен байкоочулар инфекцияга чалдыккандардын жана өлгөндөрдүн саны Орусияда азайтылып көрсөтүлүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Бийлик коронавирустун кескин жайылышын коронавирустун "дельта" вариантынан жана вакцинациянын жай жүрүшүнөн көрүп жатат. Учурда Орусиядагы калктын 15% гана эмделди.

Азырынча өкмөт карантин чараларын киргизүүнү караган жок.

Акыркы маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус 5,8 миллиондон ашык кишиден аныкталды. Анын 5,2 миллиондон көбү айыкты. Ошол эле учурда 144 492 киши оорудан каза болду.

XS
SM
MD
LG