Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

АКШ Johnson & Johnson вакцинасы оору козгошу мүмкүндүгүн эскертти


АКШнын Тамак-ашты жана дары-дармекти көзөмөлдөө башкармалыгы Johnson & Johnson вакцинасы менен Гийена-Барре синдрому деп аталган сейрек кездешүүчү неврологиялык илдеттин байланышы бар болушу мүмкүн экенин эскертти.

Ошол эле учурда 12-июлдагы билдирүүдө вакцина бул ооруну козгойбу же жокпу, так белгисиз экени айтылат.

Мындай кадам аталган агенттик жүздөй киши тууралуу отчетторду карап чыккан соң жасалган.

Алардын баарында Johnson & Johnson вакцинасын алгандан кийин неврологиялык синдром өөрчүп кеткени байкалган. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, бир киши көз жумган.

Катталгандардын көбү 50 жана андан жогору курактагы эркектер. Аларда вакцина алгандан кийин эки жумадан кийин неврологиялык илдеттин өөрчүшү байкалган.

Janssen компаниясы чыгарган вакцина менен 13 америкалык эмделген. Каражат башкалардан айырмаланып, бир эле доза менен сайылат жана аны сактоо кыйла жеңил. Буга чейин аталган вакцинага тромбдорду (кан тамырда уюган кан) пайда кылышы мүмкүн деген кооптонуудан улам бир жолу токтотулуп, кайра уруксат берилген. Ошондой эле аны чыгарган заводдогу санитардык шарттарга байланыштуу дагы бир ирет эскертүү жасалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG