Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кабулдагы жардыруу төрт кишинин өмүрүн алды


Кабулдун четиндеги өткөрмө бекетинде турган аскер. 13-июль, 2021-жыл.
Кабулдун четиндеги өткөрмө бекетинде турган аскер. 13-июль, 2021-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулда болгон жардырууда төрт карапайым тургун каза таап, беш адам жаракат алды. 13-июлдагы кандуу окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ушул эле күнү «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири өкмөттүк күчтөр менен кармашууну каалабай турганын билдирип, аларды багынып берүүгө чакырган.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун качкындар агенттиги чыңалуу күчөп жатканына байланыштуу бир топ оогандыктар үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болорун эскертти.

«Ооганстанда гуманитардык кризистин башталып кетүү коркунучу бар. Мунун алдын алса болот»,-деди Женевада өткөн брифингде БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы.

Ооганстанда талибдер өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн басып алышты. Алардын чабуулдары АКШ башында турган эл аралык күчтөр чыгарылып баштаган май айынан бери күч алды.

XS
SM
MD
LG