Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Беларуста укук коргоо уюмдарынын кеңселеринде тинтүү жүрдү


"Весна" укук коргоо борборунда тинтүү жүрдү. 2012-жыл.
"Весна" укук коргоо борборунда тинтүү жүрдү. 2012-жыл.

Беларуста 14-июль күнү "Весна" укук коргоо уюмунун бир нече өкүлүнүн үйлөрүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү тинтишти. Уюмдун мүчөсү Валентин Стефановичти тартип коргоочулар өзүлөрү менен кошо ала кетишти.

Минск шаарында ушул эле күнү журналист, укук коргоочу Сергей Сысь камалганын "Азаттыктын" беларус кызматы кабарлады. Ошондой эле, Lawtrend укуктук трансформация борборунун, "За свободу" кыймылынын жана башка бир катар бейөкмөт уюмдардын кеңселери да тинтилгени маалым болду.

Беларуста былтыр жайында башталган саясий кризис уланып жатат. Анда Александр Лукашенконун президенттик шайлоодо жеңгени жарыяланган. Буга макул болбогон түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыгып, кайра шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышкан. Бийлик демонстранттарды күч менен таркатып, миңдеген адамдар камалып, сабалган. Лукашенконун жеңишин Батыштын бир катар мамлекеттери тааныган эмес.

Евробиримдик Беларус бийлигине каршы санкцияларды киргизген. Апрель айында тышкы иштер министри Владимир Макей санкцияларга жооп катары жарандык коомду куугунтуктоо күчөтүлөрүн ачык билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG