Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Бекмурзаев: “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча мактанарлык иш жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан “Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясын чогуу куруу боюнча иш сүйлөшүүдөн ары жылбай турат. Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып, азырынча мактанарлык жумуш жоктугун билдирди.

Министр өзбек тарап курулушка катышуу ниетин билдиргенден соң аны колдонуш керектигин белгиледи. Бирок кошуна өлкө түрдүү себептер менен убакытты созо турган болсо, башка өнөктөштөрдү же булактарды издөөгө туура келерин кошумчалады.

"Өзбекстандык кесиптештерди чакырдык, августта Кыргызстанга келишет, сүйлөшүүлөр улантылат. Бишкек бул долбоорду ишке ашырууга даяр", - деди Бекмурзаев.

Президент Садыр Жапаров быйыл мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1" ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Камбар-Ата-12 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу наркы 2 миллиард доллар деп болжолдонуп жатканын билдирген. (SE\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG