Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Якутия: өрттүн айынан аэропорт жабылып, кемелер токтоду


Якутия. (Саха) токойлорду өрт каптады. 1-июль, 2021-жыл.
Якутия. (Саха) токойлорду өрт каптады. 1-июль, 2021-жыл.

Орусиянын Якутия (Саха) аймагындагы токойлордун өрттөнүүсүнөн аба мейкиндиги түтүнгө чулганып, бийлик жергиликтүү аэропортту жапты. Учактарды кабыл алууну убактылуу токтотуп, Лена дарыясы аркылуу жүргөн кемелердин кыймылын чектеди.

Бул тууралуу Сибирь.Реалии кабарлады.

Абадагы коюу түтүндүн айынан Новосибирск, Иркутск, Москва жана Екатеринбург аба каттамдары токтотулду. Мындан сырткары бир нече жүргүнчүлөр жана жүк учактары дагы аэропортко коно албай, артка кайтканы кабарланды.

Аба каттамдары аба-ырайы жакшырганга чейин убактылуу токтотулду.

Лена дарыясындагы тез жүрүүчү жана чакан кемелердин кыймылы дагы чектелди.

Июнь айынын башынан бери Якутияда ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө. Аймактын 18 районун түтүн каптаган. Соңку күндөрү токойлордо 223 жерден өрт чыгып, алардын арасынан он эки өрттүн очогун чектегенге гана мүмкүн болгону кабарланды.

Өрт өчүрүү иштерине үч жарым миңден ашуун адам тартылган. Ага бир эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эмес, Коргоо министрлигинин күчтөрү дагы жардамга келгени белгиленди. 23-июндан бери Якутияда озгөчө кырдаал жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG