Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

Украина, Грузия жана Молдова ЕБге кирүүгө ынтызарлыгын билдирди


Украина, Грузия, Молдованын президенттери жана Еврокеңештин төрагасы
Украина, Грузия, Молдованын президенттери жана Еврокеңештин төрагасы

Грузия, Украина жана Молдованын президенттери Батумиде жолугуп, Европа менен интеграция боюнча декларацияга кол коюшту. Декларацияда аталган өлкөлөр үчүн Евробиримдиктин бөлүгү болуу перспективасы мындан аркы терең реформаларды кылууга түрткү болору жазылган.

Документте “Биздин Европа биримдиги менен интеграция процессине айныксыз берилгенибизди билдиребиз жана демократиялык институттарды бекемдөө жана Евробиримдиктин укуктук системасы менен биздин мыйзамдарды шайкеш келтирүү үчүн комплекстүү реформаларды жүргүзөбүз”, - деп жазылган.

Мурда Советтер союзунун курамында болгон үч өлкө ЕБдин институттары менен кызматташтыкты өнүктүрүп, эркин соода зонасын кеңейтүүнү көздөөдө.

Батуми декларациясында Грузия, Украина жана Молдова “Чыгыш өнөктөштүк” программасын улантууну каалаганы айтылган.

Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель үч өлкөнүн демилгесин колдой турганын билдирип, 2,3 миллиард евролук инвестициялык пакет түзүү планы бар экенин жарыялады. Анын айтымында, бул план алкагында келечекте 17 миллиард еврого жетчү аймакта мамлекеттик жана жеке инвестиция салуу потенциалы бар.

Евробиримдик “Чыгыш өнөктөштүк” программасы 2009-жылы башталган. Ал Украина, Азербайжан, Беларус, Армения, Грузия жана Молдова менен Европа Биримдиги менен мамилени тереңдетүү максатын көздөйт. Бирок программа бул өлкөлөрдүн Евробиримдикке кирүүгө кепилдик бербейт. Андан бери Украина, Грузия, Молдова гана ЕБ менен ассоциация жөнүндө келишим түздү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG