Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ооган-өзбек чек арасындагы машыгууларга Канттагы авиабазадан учактар жөнөтүлөт


Канттагы авиабазада тартылган сүрөт.
Канттагы авиабазада тартылган сүрөт.

Орусиянын Борбордук аскердик округунун авиациясы Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасындагы машыгууларга катышат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ага Кыргызстандын Кант шаарындагы орус аскердик базасынан Су-25СМ учактары жөнөтүлөт. Алар жашыруун базаларды аныктап, жок кылуу жана аба соккуларынан коргонуу машыгууларын аткарат.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, биргелешкен аскердик иш-чара Термез полигонунда 30-июлдан 10-августка чейин өтөт. Ага 1500 жоокер, 200гө жакын техника катышат.

Бул машыгуулар Ооганстандын түндүк тарабында талибдер өкмөткө каршы соккуларды күчөтүп, бир канча аймактарды басып алган учурда уюштурулууда.

Тажик өкмөтү да Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн 22-июлда калайман машыгуу баштаган.

XS
SM
MD
LG