Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Жапаров инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүү концепциясына кол койду

Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек, 4-май, 2015-жыл.
Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек, 4-май, 2015-жыл.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жазылды.

Анда жарандарды руханий адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын жакшыртуу, элдик каада-салттарды кайра жандандыруу, руханий бай инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында жана Конституциянын 66 жана 71-беренелерине ылайык токтом кылынары айтылат.

Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө 2021-2026-жылдарга карата концепциянын мазмунун бул жактан окуңуз.

Министрлер кабинетине концепцияны ишке ашыруу үчүн план иштеп чыгуу жана аны аткаруунун каржылык маселелерин чечүү үчүн үч ай убакыт берилди. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG