Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Токио-2020: казакстандык дзюдочу коло медал утту


 Елдос Сметов.
Елдос Сметов.

Токио Олимпиадасында 24-июлда казакстандык дзюдочу (60 кг) Елдос Сметов коло медалга ээ болду.

Сметов 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын күмүш медалын уткан. 2018-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону, 2019-жылы Дүйнө чемпионатында коло медалга жеткен.

Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин маалыматына таянсак, Жапониядагы Олимп оюндарына 95 спортчу катышууда.

Казакстанда Олимпиада чемпиону болгон спортчу 250 миң доллар сыйлык алат. Ал эми күмүшкө - 150 миң доллар, колого - 75 миң доллар сыйлык берилет.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталат.

Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG