Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Чек кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Көк-Таш айылынын кире бериши.
Көк-Таш айылынын кире бериши.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендеги 24-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө маалымат берди. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаган.

“Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чаралардын токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарып, ага жооп катары тажик чек арачылары ок аткан. Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок”, - деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Учурда чыр-чатактын ырбап кетишин алдын алуу үчүн жеринде Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жүрөт. Эки тараптын тийиштүү органдары сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Абал туруктуу.

“Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме берип, кыргызстандык чек арачылар биринчи болуп ок чыгарганын жазды. Ага тажик чек арачылары жооп кылганы айтылат. Тажикстандык тургундардын айтымында, алар Кум-Мазар деген жерде ишембилик кылып жатканда чыр чыкты. Исфаранын акимчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, чатактын себептерин иликтеп жатканын маалымдады.

Тажикстандын “Азия-Плюс” басылмасы Ифара администрациясынын басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү бийлик окуя болгон жерге кеткенин жазды. Басылма бир аскер жаракат алганы кабарланып жатканын маалымдады.

Тажикстандын Чорку айылынын тургуну басылмага “Кум-Мазар жеринде ишембилик кылууга кыргыз чек арачылары тоскоол болгонун жана кыргыз жарандары таш ыргытып, чек арачылары ок чыгарды” деп айтып беришкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Мындан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG