Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Аким: Кум-Мазарда кыргыз-тажик тараптан топтолгондор тарады  


Кыргыз-тажик чек арасындагы аскер.
Кыргыз-тажик чек арасындагы аскер.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин айтымында Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде тажик жарандарынын ишембилик кылып жатканына нааразы болуп кыргыз жарандары чогулган. Аким учурда жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, ишембилик токтотулуп, кыргыз жарандары дагы тарап кеткенин билдирди.

“Негизи бул жерлер аныктала элек аймактар. Ошол Кум-Мазар деген жерге тажик тараптын он бештей киши ишембиликке чыккан. Ал жер такталбаган аймак болгондуктан чек арачылар, жергиликтүү бийлик дагы жумуштарды токтотууну талап кылганбыз. Кийин жергиликтүү бийлик, чек арачылар сүйлөшүп, эки тарап тең тарады”, - деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев буга чейин Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун кабарлаган. Андагы чырды учурда милиция териштирип жатат.

“Кечээ түнү саат 22-23төр чамасында түшүнбөстүктөр болуп, тажик тараптан бирин-экин киши топтолуп кыргыз тарапка таш атуулар болгон. Ок атуу боюнча азыр мен так айта албайм. Ички иштер бөлүмү жана чек арачылар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган”, - деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев учурда абал тынч экенин билдирди. Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Мындан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG