Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Аким: Көк-Таштагы окуяны милиция териштирүүдө


Кыргызстандын Баткен облусунун картасы. Базалык көрсөткүч Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтынан алынып, кошумчаланды. Белгилер болжолдуу коюлду.
Кыргызстандын Баткен облусунун картасы. Базалык көрсөткүч Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтынан алынып, кошумчаланды. Белгилер болжолдуу коюлду.

Баткен районунун акими Учкун Жоробаев Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Кечээ түнү саат 22-23төр чамасында түшүнбөстүктөр болуп, тажик тараптан бирин-экин киши топтолуп кыргыз тарапка таш атуулар болгон. Ок атуу боюнча азыр мен так айта албайм. Ички иштер бөлүмү жана чек арачылар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган”, - деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев учурда абал тынч экенин билдирди. Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайы жөнүндө кенен маалымат бере элек. Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Мындан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG