Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Токиодо Олимп оюндары ачылды


Жапония. Токио. Олимп оюндарынын ачылышы. 23-июль, 2021-жыл.
Жапония. Токио. Олимп оюндарынын ачылышы. 23-июль, 2021-жыл.

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миң кишиге ылайыкташкан стадиондо ачылды. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышты.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде жапон бийчилери башында сакура гүлүнүн элеси түшүрүлгөн түркүн-түс лазердик чагылдыруунун коштоосунда бийлеп, стадионду көрккө бөлөдү.

Дүйнөдө жүрүп жаткан ар кандай табийгый кубулуштар театрлаштырылган оюн-зооктор аркылуу көрсөтүлдү. Анда эки жылдан бери дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин адамзатты чырмооктой орогон учуру дагы берилди. Бийчилер шоунун жүрүшүндө дүйнөнү каптаган илдеттин жөргөмүштүн желесиндей тарап, адамзаттын аракетин чектеген көрүнүштү көркөмдүк чагылдырышты.

Мындан кийин Жапониянын туусун көтөргөн топ тууну жапон куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырды. Желек аскер адамдары тарабынан Жапониянын гимнинин коштоосунда жогору көтөрүлүп, флагштокко илинди.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганы жарыяланган. Ошондуктан Олимп оюндарынын ачылыш аземи дээрлик бош турган чоң стадиондо өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG