Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Орусияда жасалма эмдөө ашкере болду


Орусия. Эмделгени тууралуу жасалма сертификаттар даярдалганын иликтөө.
Орусия. Эмделгени тууралуу жасалма сертификаттар даярдалганын иликтөө.

Орусиянын Брянск облусундагы Сельцовское шаардык клиникасынын кызматкерлери кишилерге коронавируска каршы эмделгени тууралуу документти акчага даярдап берип турганы аныкталды. Ал эми вакцинаны жок кылып турушкан. Бул тууралуу облустун губернатору Александр Богомазага шилтеме берип, "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча Брянскинин 33 жаштагы тургуну ооруканада программист болуп иштеген таанышына эмдөө тууралуу маалымдаманы базага киргизип, жасалма документ даярдап берүүнү сунуштаган.

Быйыл май айынан баштап аймактагы ондогон кишинин эмделгени боюнча маалыматтары акча бергенден кийин базага киргизилип, жасалма документтер берилип турган.

Мындай мыйзамсыз кызмат көрсөтүүнүн акысы 15-20 миң рубль болгон.

Ооруканада иштеген программист менен медайымга кызматтык жасалмалуулук жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG