Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Коронавирустан дагы 11 бейтап көз жумду, 995 кишиден аныкталды


Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 25-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары 2249 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 995 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 542. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 157 147 адамга жетти. 135 132 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4180 адам ооруканада дарыланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 17 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6343 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5603ү сакайды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG