Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Пакистанда жоочулар кытай жумушчуларына ок чыгарды


Пакистан. Карачиде Кытай жарандарына ок аткан окуяны полиция иликтеп баштады. 28-июль, 2021-жыл.
Пакистан. Карачиде Кытай жарандарына ок аткан окуяны полиция иликтеп баштады. 28-июль, 2021-жыл.

Пакистандын порт шаары саналган Карачиде 28-июлда мотоцикл минген жоочулар Кытай жумушчулары отурган автоунаага ок атты.

Анын кесепетинен автоунаадагы Кытайдын эки жараны жарадар болуп, үчүнчүсү жабыркаган эмес. Ок аткандар окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз.

Карачиде Кытай каржылаган бир нече курулуш долбоорлору бар.

Бул кол салуу мындан бир нече жума мурун Пакистандын түндүк-батышында кыркка чукул кытай жумушчулары бараткан автобус жардырылган окуяны эске салды. Анда Кытайдын тогуз жараны жана үч паикстандык каза болгон. Окуяны иликтеген топ жанкечти автобустун жанында жардыруучу затты кыймылга келтирген деген тыянак чыгарган.

Кытай соңку жылдары Пакистанга миллиарддаган доллар инвестиция салууда. Бирок Кытай каржылаган бир катар долбоорлор жергиликтүү радикалдык жикчил топтордун нааразылыгын жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG