Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Нарын облусунун казысы алмашты


Эрик Молдокулов
Эрик Молдокулов

Муфтий Замир Ракиевдин буйругу менен Нарын облусунун казысы болуп Эрик Молдокулов дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Нарын облусунун казысы болуп 2011-жылдан бери иштеп келген Мамбетасан Ибраев ден соолугуна байланыштуу арызын жазган. Ага муфтий "Ардактуу казы" наамын тапшырган.

Эрик Молдокулов 2020-жылдын декабрынан бери казынын орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин 2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр, 2012-2016-жылдары Аалымдар кеңешинин мүчөсү, 2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинин имамы болуп иштегени айтылат.

Молдокулов 36 жашта. Кыргызстан ислам университинин араб тили жана шарият факультетин, Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG