Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Орусия Любовь Соболдун "Твиттер" баракчасын бөгөттөөнү суранган


Москва. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь.
Москва. Орусиялык оппозициячыл саясатчы Навальныйдын тарапташы Любовь Соболь.

Роскомнадзор оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташы Любовь Соболдун "Твиттер" аккаунтун бөгөттөө үчүн Twitter социалдык тармагына билдирүү жиберген. Бул тууралуу Любовь Соболь "Твиттерине" жазды.

Роскомнадзор жиберген билдирмеде Навальный негиздеген ФБК уюмунун юристи Любовь Соболь "Твиттер" баракчасына сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердигин үгүттөө үчүн колдонот деп белгилеген.

Буга чейин Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун (ФБК) сайтына жана ага байланыштуу интернет ресурстарынын баарын чектеген.

26-июлдан тарта navalny.com сайтына кирүүгө аракет жасаган учурда байланыш операторлору “Маалыматты коргоо мыйзамына” ылайык ага кирүү жеткиликтүү эмес экенин эскерткен.

Сайт Орусияда тыюу салынган интернет ресурстардын тизмесине киргизилип, аталган тизме "Роскомсвобода" мекемесинин сайтына жайгаштырылды.

Навальныйдын тарапташтарынын Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володинге байланыштуу соңку иликтөөсү азырынча YouTube каналынан алына элек. Анда Володиндин туугандарына катталган миллиарддаган активдер тууралуу айтылат.

Буга чейин Алексей Навальный жана анын тарапташтары президент Путиндин жакын адамдары саналган миллиардер Олег Дерипаска жана вице-премьер-министр Сергей Приходьконун баш айланткан мүлкү жана аларды каяктан тапканы тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрдү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG