Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмделди


Коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары.
Коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру. Бишкек шаары.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 505 миңден ашты. Алардын 112 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 55 миң чамалуу запасы бар. Бул 28-июль, кечки саат бешке карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, андан тышкары Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 160 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, 2300гө жакын бейтап көз жумду.

Президент Садыр Жапаров акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандардын 100% вакцина албагандар болуп жатканын билгилеп, 28-июлда элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG