Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Президент элди эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды


Президент Садыр Жапаров эмдөөдөн өтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров эмдөөдөн өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.

Ал акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандардын 100% вакцина албагандар болуп жатканын билгилеген.

"Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар", - деп айтылат кайрылууда.

Садыр Жапаров 23-июлда Бишкектеги эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алган. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин билдирген.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келген. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алган.

Кыргызстандыктар негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасын алып жатышат. Анча көп эмес өлчөмдө Орусиянын Sputnik-V препараты да бар. 22-июлдан тарта AstraZeneca вакцинасы да сайыла баштады.

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 492 миң киши эмдөөдөн өттү, анын 111 миңи эки дозаны тең алды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG