Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

SIGAR: "Талибан" ооган өкмөтүнө көйгөй жаратууда


Герат провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскери. 28-июль. 2021-жыл. Ооганстан.
Герат провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскери. 28-июль. 2021-жыл. Ооганстан.

Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча генералдык инспектордун (SIGAR) Конгресске жолдогон баяндамасында "Талибан" кыймылынын чабуулдары Кабулдагы өкмөт үчүн "экзистенциалдык кризис" жаратып жатканы айтылат.

Баяндамада ошондой эле, Вашингтон менен талибдердин ортосунда 2020-жылдын башында түзүлгөн келишимге ылайык, Кабул менен жоочулардын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү башталбай эле чабуулдар күчөгөнү белгиленет.

Документте жазылгандай, кол салуулардан өлгөн карапайым тургундардын саны өсүп, талибдерге жооп кайтарууга өкмөттүк күчтөр даяр болгон эмес.

Баяндамада талибдердин чабуулдары келишимге чейинки көрсөткүчтөрдөн эки эсе көбөйгөнү белгиленген.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн өз карамагына алганы маалымдалган.

Кабул менен куралдуу кыймылдын сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелгенине карабай, эл аралык күчтөр чыгарылып жатат. Америка башында турган коалициянын аскерлери 31-августка чейин чыгарылып кетери жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG