Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Казакстанда оппозициячыл ишмер Болат Атабаев дүйнө салды


Театралдык режиссер жана оппозициячыл ишмер Болат Атабаев 69 жашында Алматы шаарында көз жумганын активисттер жана укук коргоочулар билдиришти. Бир нече күн мурда ал ооруканага жаткырылган.

Былтыр Атабаев Германияда операция жасатып, бутун кестирүүгө мажбур болгон. Анын карындашы Дана Атабаеванын айтымында, режиссер кант диабетинен жабыркап жүргөн.

Атабаев Алматыдагы театрларда иштеп жүрүп, кийин Борбор Азиядагы алгачкы "Аксарай" мюзикл театрын түптөгөн.

Болат Атабаев 2011-жылы Жаңы-Өзөндөгү мунайчыларды ачык колдоп чыккандан кийин, бийлик аны социалдык кастыкты козутууга айыптап камаган. Эл аралык мунапыс уюму жана казакстандык укук коргоочу уюмдар аны абийир туткуну катары таанышкан.

Эл аралык уюмдардын басымы менен Атабаев 2012-жылы бошотулуп, Германияга чыгып кеткен. Ал жактан өзүнүн театры менен бир нече спектакль коюуга жетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG