Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Жеңиш Молдокматовдон кабар алды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерлери ачкачылык жарыялаган саясатчы Жеңиш Молдокматовго жолугуп чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Молдокматов ачкачылыкты камактан чыгуу эмес, кылмыш ишинин бардык фигуранттарына бирдей мамиле кылуу талабы менен жарыялаганын айткан.

Акыйкатчы институту тараткан маалыматка ылайык, Молдокматов ден соолугу күн сайын начарлап баратканын айткан. Саясатчы дарыгердин кароосунда экенин, врач тийиштүү медициналык кароодон сөзсүз өтүшү керектигин айтканын билдирген.

Молдокматов ушул убакытка чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышкан. Ал №1 тергөө абагында кылмыш иши менен таанышууга мүмкүн болбой жатканын, ошондуктан шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында калтырууга көмөктөшүүнү суранган. Молдокматов Бишкектеги №1 тергөө абагынан шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 23-июлда 10 күнгө которулган.

Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап кургак ачкачылык жарыялаган. Аны Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырган.

Молдокматовго 2020-жылы 9-октябрдагы окуя боюнча дагы кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ал өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап, президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

XS
SM
MD
LG